Чүйдө жана Жалал-Абадда жер титирөө катталды

  • 2 года мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 10:04тө Жалал-Абад облусунун аймагында 3,5 балл жана Чүй облусунун аймагында 3 балл жер титирөө катталды.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Косо-Терек айылында 3,5 баллга, Кызыл-Үнкүр, Жаз-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 3 баллга, Арсланбап айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ал эми Чүй облусунун аймагында күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагынын Кашка-Суу айылында жана Сокулук районунун Төш-Булак айыл аймагынын Төш-Булак айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты