Чүйдө жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды

  • 6 месяцев мурун

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн айылында жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан билдиришкендей, сотко чейинки алдын ала териштирүү иштеринин жүрүшүндө ымыркайды таштап кеткен 20 жаштагы К.А. аттуу жаран аныкталган. Ал Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде жети айлык ымыркай өлүү абалда төрөлгөнүн, баланын сөөгүн кутуга салып, Аламүдүн районундагы Эне-Сай жаңы конушундагы ээн жерге таштаганын билдирген.

Учурда тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштер уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты