Чүйдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

  • 1 месяц мурун

Чүй облусунда ИИМде каттоодо турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү курал уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 10-декабрда Александровка айылында белгисиз адамдар унаанын айнегин талкалап, ичинен барсетканы уурдап кетишкен. Анын ичинде 200 доллар, документтер жана MP-471 №2147100230 калибриндеги пневматикалык  тапанча бар болгон.

Аталган факт боюнча уурдоо беренеси менен кылмыш иши козголуп, «Антирэкет» рейди учурунда 1991-жылы туулган А. Э. аттуу шектүү кармалды. Уурдалган тапанча далил катары алынды. Тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты