Чүйдө таштанды таштоочу жайдан өрт чыкты

  • 2 года мурун

Чүйдө таштанды таштоочу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

11-июль күнү Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылы менен Ленин айылынын ортосунда жайгашкан таштанды таштоочу жайда өрт чыккандыгы маалымдалган.

Жерине саат 15:11де Аламүдүн райондук Өрткө каршы куткаруу кызматынан 1 бир бөлүм, 1 суу ташуучу унаа тартылды. Тилсиз жоо саат 15:56да чектөөгө алынып, толугу менен саат 17:00дө өчүрүлдү. Такталган маалыматка ылайык, таштанды таштоочу жайдын 1 гектар жер аянты күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты