Чүйдө шамалдын кесепетинен үйлөрдүн чатырлары жабыркады

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамал катталып, бир катар зыян келтирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Бишкектин Ленин районунун Москва көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн чатыры учуп, жакын жайгашкан үйдүн чатырына кулап, кооптулук жаралган. Шамал Бакаев жана Интергельпо көчөлөрүндө да үйлөрдүн чатырларын учуруп, бак кулаган. Көк-Жар жаңы конушунда турак үйдүн чатыры учуп, бак кулап электр зымына асылып калган. Ошондой эле көп кабаттуу үйдүн сырткы жасалгасы эки унааныны басып калган. 

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жар-Башы, Сокулук районундагы Маловодное, Москва районундагы Беловодск айылдарында да шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп, бактар кулаган. Ал эми Панфилов районунун Күрпүлдөк айыл аймагында орто мектептин чатыры жабыркаган.

Учурда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жеринде иш алып барып, кооптуу объектилерди коопсуздандырууда. Буга чейин Гидрометеорология кызматы Бишкек жана Чүй аймагында 15–20 метр/секундга жеткен катуу шамал болору тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты