Чүйдө рэкетчиликке шектелип, мектеп окуучусу кармалды

  • 1 неделя мурун

Чүй облусунда мектеп рэкетчилигине каршы күрөшүү иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«21-апрелде Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө А.Казакбаев атындагы орто мектептин 9-класстын У.К. аттуу окуучусу ошол эле мектептин 8-классынын окуучуларынан системалуу түрдө уруп-сабап, опузалап акча талап кылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Аталган факт Кемин РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 208-беренесинде көрсөтүлгөн (опузалап талап кылуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда 2008-жылы туулган У.К. аттуу окуучунун өзүнөн кичүү балдардан опузалап акча талап кылган фактысы тастыкталып, ага байланыштуу кармалып, райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген жана Кемин райондук соту тарабынан ага карата баш коргоо чарасы тандалат», — деп жазылат маалыматта.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББи мектеп рэкетчилиги үчүн кылмышкерлерге карата эркинен ажыратуу кылмыш жоопкерчилиги каралганын ата-энелерге эскертти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты