Чүйдүн Лебединовка айылында кампадан чыккан өрттү өчүрүү иши уланууда

  • 2 года мурун

Чүйдүн Лебединовка айылында кампадан чыккан өрттү өчүрүү иши уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өрт саат 7:48де чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө. Бактыга жараша тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Ал эми кырсык тууралуу маалымат 21-октябрга караган күнү таңга маал саат 04:43дө түшкөн. Такталган маалымат боюнча Лебединовка айылынын Береговая көчөсүнүндө жайгашкан кездеме сактоочу кампадагы өрттү өчүрүүгө саат 4:45тен тарта ӨКМдин жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, «Тазалык» ишканасынан 2 суу ташуучу унаа жана РЭТинен 1 бригада тартылып, иш алып барышууда. Кошумча маалымат берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты