Чүйдүн Кызыл-Туу айылындагы үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Бүгүн, 11-сентябрда, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы үйдөн чыккан өчүрүлдү.  

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 15:15те Сокулук райондук №23 өрткө каршы бөлүктөн 1 бөлүм, саат 15:44тө жогоруда аталган бөлүктөн кошумча 1 бөлүм тартылган.

Жалпысынан 2 бөлүм тилсиз жоо менен күрөшүп, саат 16:07де чектөөгө алынып, саат 18:31де өчүрүлдү.   

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты