Чүйдүн үч районунда COVID-19ду аныктоочу вирусологиялык лабораториялар ачылды

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Ысык-Ата, Сокулук жана Жайыл райондорунда COVID-19ду аныктоочу вирусологиялык лабораториялар ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул лабораториялар Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен курулган.

Лабораториялардын ачылышына саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн лабораториялык кызматынын башчысы Айгүл Жумаканова жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн райондор аралык борборлорунун жетекчилери катышты.

Кыргызстанда дагы 10 жаңы ПЧР лабораториясын куруу пландалууда. Учурда беш лабораториянын курулушу аяктады. Келечекте бул лабораториялар коронавирустук инфекциянын лабораториялык диагностикасынан тышкары башка инфекцияларды (сасык тумоо, кызамык, гепатит ж.б.) ПЧР аркылуу аныктайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты