Чүйдө мектепти өрттөөгө аракет кылган жаран кармалды

  • 2 недели мурун

Чүйдө Москва районунун Ак-Суу айылындагы мектептин имаратын өрттөөгө аракет кылган делип 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы (ОИИББ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Москва районунун милиция бөлүмүнө аталган мектептин директору арыз менен кайрылып, 8-январда таңкы саат 04:30 чамасында аталган айылда жайгашкан №1 мектептин имаратына кирип, 2-3-кабаттарда жайгашкан бөлмөлөргө эшиктерин талкалап киришип, пардаларын өрттөшкөн белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында, аталган кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Д.Т. аттуу 1998-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөөнүн натыйжасында 8-январда саат 04:30 чамасында кармалган жаран мас абалында аталган мектептин имаратына кирип, андан кийин 2-3-кабаттарда жайгашкан бөлмөлөрдүн эшигин талкалап киргендиги жана пардаларды зажигалка менен өрттөгөндүгү аныкталган.

Учурда бул кылмыш боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: Чүй ОИИББ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты