Чүйдө массалык мушташка шектүү 29 жаран кармалды

  • 7 месяцев мурун

Кечээ, 2-январда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жаштар ортосунда чыккан мушташ фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Окуя тууралуу маалымат 102 кызматына түшүп, жерине тергөө-ыкчам топ жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди. 

Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында окуяга тиешеси бар 29 адам аныкталып, ички иштер органдарына жеткирилди. Алардын ичинен 11 адам кармалып, 18 адамга коомдук тартипти бузгандыгы үчүн административдик протоколдор түзүлдү.

Алдын ала маалыматка ылайык, чатак айылдагы дүкөндүн унаа токтоочу жайында унаа токтотууга байланыштуу пикир келишпестиктен чыккан. Тергөө иштери улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты