Чүйдө мал уурдоого шектелип эки жаран кармалды
- 2 года мурун
Чүйдө мал уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ысык-Ата РИИБине 32-жаштагы А.М. аттуу Ивановка айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында 26-апрелден 27-апрелге караган түнү айылдын четинде жайгашкан мал сарайга белгисиз адамдар кирип эки коюн уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде катталган.
Бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБнин кызматкерлери Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте шектүү катары бир нече жолу соттолгон эки жергиликтүү тургундар 23-жаштагы Д.К. жана К.И. кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында жогорудагы адамдар күнөөсүн мойнуна алышкан, андан соң Ысык-Ата районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда башка дагы кылмыштарга тиешесин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.