Чүйдө кызматтык унаа менен жол кырсыгына кабылган милиция кызматкери камакка алынды

  • 2 года мурун

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгына кабылган милиция кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 11-июнда Бишкек-Торугарт автожолунун 12,3 чакырымында “Даймлер Крайслер” үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа менен баратып “Дэу-Тико” үлгүсүндөгү машина менен кагышкан.

“Дэу-Тикодо” баш-аягы алты адам бараткан. Баары тең медициналык кароодон өтүүдөн баш тарткан.

Тергөөдө “Даймлер Крайслер” автоунаасын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Издөө бөлүмүнүн инспектору (Н. Б.) айдап баратканы аныкталган. Машинада жалпы үч киши болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, инспектор Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул иш боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Ички иштер министрлиги анын жыйынтыгы менен милиция кызматкерине юридикалык баа берилип, тиешелүү жетекчилерге чара көрүлөрүн билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты