Чүйдө Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен жаңы цемент заводу курулат
- 2 года мурун
Чүй облусунда 45 млн долларга жаңы заманбап цемент заводу курулат. Заводдун курулушун Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылайт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор Москвада өткөн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун кеңешинин жыйынында жактырылды.
Министрликтен билдиришкендей, завод жылына 1,5 млн тонна цемент өндүрүү кубаттуулугуна ээ болот. Долбоордун алкагында 450 жумушчу орун түзүү каралган.
Муну бөлүшүү