Чүйдө кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн аныктоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү

  • 10 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет Чүй облусунун аймагындагы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүздү.

8-августта облустук милиция менен бирге «Бандит» аталышындагы пландуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Анда ИИМдин адистештирилген реестринде уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар 255 адам турганы аныкталган.

Мындан тышкары 28 адамга карата профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, алардан биометрикалык маалыматтары алынган.

Ошондой эле, учурда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар 24 адам Кыргызстанда жазасын өтөп жатканы, 18 адам коңшу өлкөлөрдө жүргөнү, катталган жери боюнча жашабаган жана мурда белгилүү болгон даректерде турбаган 179 адамга издөө-профилактикалык иш-чаралары жүрүп жатканы аныкталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты