Чүйдө Казакстан аркылуу Орусияга баңгизатын алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

  • 2 года мурун

Чүйдө Казакстан аркылуу Орусияга баңгизатын алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрилигин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 9-апрелде Ысык-Ата районундагы чек ара өткөрмө постунда Лейлек районунун 38 жаштагы тургуну кармалган. Текшерүү учурунда анын унаасынан 24 кг баңгизаты табылган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза
кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты