Чүйдө кампадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
- 2 года мурун
Чүйдө кампадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылында кампадан чыккан ири өрт саат 07:48де чектөөгө алынып, толук саат 11:47 толук өчүрүлдү.
Болжол менен өрттүн аянты 550 чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Ага улай эле өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам 2 кампа сакталып калды. Жерине ӨКМдин жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, «Тазалык» ишканасынан 2 суу ташуучу унаа жана РЭТинен 1 бригада тартылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда.
Муну бөлүшүү