Чүйдө гараждан өрт чыгып бир адам каза болду

  • 2 года мурун

Чүйдө гараждан өрт чыгып бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Энергетик шаарчасында гараж күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 06:48де Бишкек шаардык өрт өчүрүүчүлөр тартылып, саат 07:34дө чектөөгө алынган. Толугу менен өрт саат 08:06да өчүрүлгөн.

Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 1970 жылы туулган Н.В. аттуу (эркек) жаран каза болгон.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты