Чүйдө цехтен ири өрт чыкты

  • 6 месяцев мурун

Чүйдө цехтен ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Алма-Ата көчөсү менен Айланма унаа жолунда жайгашкан цехтен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 03:41ден тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана Штаб тартылган

Тилсиз жоо саат 04:56да чектөөгө алынып, саат 05:58де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 360 чарчы метрди түздү.

Өрт өчүрүүчүлөр цехтин ичинен 10 кислород баллонду сыртка чыгарышып, анын жаралышынын алдын алышкан.

Такталган маалымат боюнча, темир буюмдарын өндүргөн цехтен чыккан өрттөн жабыркагандар жок. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты