«Мурас-Ордо» конушунда беш бала тоңгон көлмөгө түшүп кетип, үчөө куткарылып, экөө каза тапты

Бишкектин четиндеги “Мурас-Ордо” жаңы конушундагы тоңгон көлмөгө беш бала музда ойноп жатып, сууга түшүп кеткен. Алардын үчөө куткарылып, экөө каза болуп калган.

Бул маалыматты өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кечээ, 2-мартта, кабарлаган.  

Маалыматта айтылгандай, үч бала жергиликтүү тургундар тарабынан суудан чыгарылып, “Тез жардам” кызматына өткөрүлүп берилген.

Тилекке каршы, эки баланын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

ӨКМдин баштапкы маалыматы боюнча, 2013-жылы туулган А.У. аттуу кыз жана 2015-жылы туулган А.Н. аттуу бала каза болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты