Чүйдө баңгизатты даярдап, сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды (видео)

  • 1 год мурун

Чүйдө ири өлчөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз даярдоо жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишине бөгөт колду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы (ОИИББ) билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-февралда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Жалал-Абад облусунан ири өлчөмдөгү баңгизаттарды Чүй облусуна ташып келе жаткан белгисиз жарандар тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

20-февраль күнү күч кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө К. А. жана Б. А., аттуу жарандар «Киа Оптима» үлгүсүндөгү унаа менен жүрүшкөнү такталган. Саат 06:40 чамасында Сосновка айылындагы «Толкун-1» постуна жетпей К.А. аттуу жаран унаадан түшүп, баңгизаттарды жашыруун алып өтүү максатында постту айланып өтүү үчүн тоо тарапка багыт алып, айланып май куюучу жайга келгенде кармалган. Анын жанынан 215,39 граммды түзгөн 25 даана гашиш табылган.

Ошол эле күнү шектүүлөр: 1989-жылы туулган Б.А. жана 1994-жылы туулган К.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда окуя боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты