Чүйдө аткаминер жасалма диплом алуу фактысын жашыруу үчүн пара берип жаткан жеринен кармалды

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородный айыл аймагынын кирешелер боюнча башкы адиси жасалма диплом алуу фактысын жашыруу үчүн УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, президенттин тапшырмасы менен мамлекеттик кызматкерлерди жасалма диплом жана кош жарандуулукка текшерүүнүн жүрүшүндө Пригородный айыл аймагынын кирешелер боюнча башкы адиси О.К.Т.нын жасалма диплом колдонгону аныкталган. О.К.Т. жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүүнү токтотуу үчүн УКМК кызматкерине пара катары 160 миң сом сунуштаган.

24-майда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында О.К.Т. 160 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты