Чүйдө апасын сабап, үйүн өрттөөгө шектелген адам кармалды

  • 10 месяцев мурун

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы 11-августта кабарлагандай, уруп-сабоо жана өрт коюу фактысына шектелген жаран кармалды.

8-июль күнү Чүй милициясына Токмок шаарынын ооруканасынан Ак-Бешим айылынын сабалган 64 жаштагы тургуну алып келингендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери аны 7-июль күнү баласы мас абалында сабаганын аныкташкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси («Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү») менен иш козголгон.

Териштирүү жүрүп, айыпталуучуга издөө жарыяланган. 11-август күнү Бишкек шаарынан 1986-жылы туулган Б.З кармалып, камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты