Чүйдө 4 адам каза болгон жол кырсыгына байланышы бар деп шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды

  • 2 года мурун

Чүйдө 4 адам каза болгон жол кырсыгына байланышы бар деп шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй ОИИББинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, Кемин райондук соту тарабынан издөөгө алынган жаранды колго түшүрүштү. Январь айында Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө 1994-жылы туулган Р.У. аттуу жаранга издөө жарыяланган. Ал 2019-жылдын май айында болгон жол кыймылынын жана автотранспортту эксплуатациялоонун эрежелерин бузуп, анын кесепетинен 4 адам каза болгондугуна байланыштуу, соттун чечими менен эркинен ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул факт Кемин РИИБдин маалыматтарды каттоо журналынын катталган.

Бүгүн, 16-майда Бишкек шаарындагы ижарага алынган батирлердин биринен издөөдө жүргөн 1994-жылы туулган Р.У. кармалып, ички иштер органдарына жеткирилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты