Чүйдө 18 жаштагы кызды ала качып бараткан 3 адам кармалды

  • 2 года мурун

Кечээ, 7-ноябрда Чүйдө 27 жаштагы эркек киши 18 жаштагы кызды мажбурлап үйлөнүү үчүн ала качып бараткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 7-ноябрь күнү болжол менен саат 22:00 чамасында Маевка айылында жайгашкан кафелердин биринен 2006-жылы туулган К.Н. аттуу кызды белгисиз 25-30 жаштардагы балдар күч колдонуп «БМВ» үлгүсүндөгү унаа каражатына салып кеткендиги тууралуу маалымат катталган.

Мындан улам Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам издөө иштерин жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында Сокулук-Кант айланма жолунун Алмата көчөсү менен кесилишинде аталган «БМВ» үлгүсүндөгү унаа кармалган. Кармалгандарды Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) тергөө бөлүмүнө өткөрүп беришкен.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун тургуну, 1997-жылы туулган К уулу Э. аттуу жаран кызды мажбурлап үйлөнүү максатында ала качып бара жатканы такталган. Окуяга катышкан достору «БМВ» унаасынын айдоочусу Ш.Н. жана 1997-жылы туулган О.Ж. жарандар дагы тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Сүрөт: Бишкек шаардык Кайгуул кызматы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты