Чүй жана Таласта мектеп жетекчилигине компьютерлик тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты

  • 2 года мурун

Мектеп жетекчилерин тандоо сынагынын алкагында Талас жана Чүй облусунда өткөрүлгөн компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министирлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чүй облусу боюнча тестке катышууга 182 талапкер документ жиберип, жыйынтыгында 69 (38 пайыз) талапкер босого баллдан жогору упай алды Ал эми Талас облусунда 73 талапкердин арасынан компьютердик тестирлөөнү 24ү (32 пайыз) ийгиликтүү тапшырды.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде, беш жылдан көп убакыттан бери иштеп келген директорлор кызматтан алынып, ордуна жаңы жетекчи сынак аркылуу дайындалат.

Буга чейин комьютердик тестирлөө Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында өткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты