Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн директору пара менен кармалды

  • 2 года мурун

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн директору пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүндөгү окуу мекемелеринин жетекчилеринен системалуу түрдө пара алуу фактысы аныкталды.

Аталган билим берүү бөлүмүнүн директору А.Б.Т. окуу жайларды текшерүү жана ревизия жүргүзүү шылтоосу менен жалпы билим берүүчү мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилеринен системалуу түрдө акча каражатын «чогултуу» менен алектенип келген.

Тергөөнүн жүрүшүндө А.Б.Т.нын иштеген жана жашаган дареги боюнча тинтүү жүргүзүлүп, акча каражаты табылды.

10-июлда шектүү Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты