Чүй районунун акими кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелип кармалды
- 6 месяцев мурун
16-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кум-шагыл аралашмаларын казып алууга күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү жолу менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Чүй облусунун Чүй районунун акими Т.Р.Т. кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Т.Р.Т. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы №43 токтомунун талаптарын бузуп, 0,1 гектардан ашпаган аянттагы дарыянын нугунан кум-шагыл аралашмасын казып алууга лицензия берүүгө уруксат берген, бирок иш жүзүндө 20 гектар жер участогун пайдаланууга уруксат бергени аныкталган.
Мындан тышкары Чүй районунун акими Т.Р.Т. айрым чарбалык субъектилер менен келишип, ошондой эле жакын тууганынын кызыкчылыктарын коргоо максатында өлкөнүн мыйзамдарын бузуу менен күбөлүктөрдү берүүгө уруксат берген.
2025-жылдын 16-декабрында, Чүй районунун азыркы акими Т.Р.Т. жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
Сүрөттө: Кылмышка шектүү аким. УКМК




