Чүй районунда Республикалык реабилитациялык борбор ачылды

  • 8 месяцев мурун

Чүй районунун Арчалы айылында Республикалык реабилитациялык борбор ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан «Арчалы» республикалык реабилитациялык борборунун имаратынын расмий ачылыш аземине катышты. Ошондой эле иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, Аламүдүн районунун жергиликтүү кеңешинин депутат, Арчалы айылынын аксакалдары жана тургундары катышты.

Республикалык «Арчалы» реабилитациялык борбору республиканын калкына медициналык-санитардык, медициналык-реабилитациялык, ден соолукту чыңдоо кызматтарын көрсөтүү үчүн түзүлүүдө. Реабилитациялык борбордун үч кабаттуу имараты 6 миң чарчы метр аянтта жайгашкан жана 50 керебетке ылайыкталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты