Чүй ОИИББи жарандарды резонанстуу кылмыштын бетин ачуу фактысы боюнча чагымчыл аракеттерге алданбоого чакырат

  • 2 года мурун

Чүй ОИИББи жарандарды резонанстуу кылмыштын бетин ачуу фактысы боюнча чагымчыл аракеттерге алданбоого чакырат.

«11-майда жалпыга маалымдоо каражаттарында 2013-жылы жасалган резонанстуу кылмыштын бетин ачуу фактысы боюнча материалдар жарыялангандан кийин абийирсиз жарандар WhatsApp социалдык тармагы аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууну үгүттөп аудио билдирүү таратышкан.

Буга байланыштуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырат. Учурда 9 жыл мурун болгон адам өлтүрүү фактысы, мыйзам чегинде ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери тарабынан бардык зарыл болгон чаралар жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Улуттар аралык кастыкты козутуу белгилери бар материалдарды даярдоо жана таратуу Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» боюнча  каралган. Ошондуктан Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Кыргызстандын жарандарына улуттар аралык кастыкты козуткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты