Чүй облусунун мурдагы башчысы көп аялдуулукка шектелүүдө

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын У.Х. аттуу тургуну буга чейин жарандык никеде болуп, чогуу жашаган М.М. аттуу жаранга карата көп аял алуу фактысы боюнча чара көрүүнү суранып, милицияга кайрылды. Ал оорулуу баласы бар экенин жана ага атасы жардам бербей жатканын айткан.

Келин мурдагы күйөөсүнүн аты Мирбек Мияров экенин, ал Чүйдүн губернатору болгонун айтып келет. Маалыматты Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү тастыктады. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесинин (Эки аял жана көп аял алуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында бардык зарыл тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатканы жана жыйынтыгына жараша Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынары кабарланды. Кыргызстанда “Үй-бүлө жөнүндө кодекс” бир гана расмий никеге уруксат берет.

Мыйзамга ылайык, эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты