Чүйдө 15 жаштагы өспүрүмдү сүзгөн айдоочу кармалды
- 5 месяцев мурун
Кечээ, 1-январда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Бишкек–Торугарт унаа жолунда жүк ташуучу автоунаа велосипедчен жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2010-жылы туулган Н.А. аттуу өспүрүм алган жаракаттарынан улам каза болгон. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы басма сөз кызматы билдирген.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жол кырсыгы SHACMAN үлгүсүндөгү кызыл түстөгү жүк ташуучу унаа менен жасалганы аныкталып, автоунааны башкарган 1995-жылы туулган Р.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.
Муну бөлүшүү




