Чүй облус сот системасындагы коррупциялык схема аныкталды
- 6 месяцев мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) сот тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын алкагында Чүй облусунда коррупциялык схеманы аныктады.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Чүй облустук сотунун улук катчысы А.Ж.Б. кызмат абалынан пайдаланып, эркинен ажыратууга байланышпаган сот чечимин чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн Т.М.Т. аттуу жарандан 26 миң АКШ долларын алган.
Бирок, кийинчерээк ал көрсөтүлгөн маселени Т.М.Т. аттуу жаран үчүн оң жагына чечип бере алган эмес. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК кызматкерлери тарабынан мурда алынган акчанын бир бөлүгүн — 651 миң сом жана 2 миң 800 АКШ долларын кайтарып берип жаткан учурда Чүй облустук сотунун улук катчысы А.Ж.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Тергилип жаткан кылмыш ишинин алкагында аталган мыйзамсыз аракеттерге К.А.А. аттуу жарандын, ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ж.Ш.Б.нын да тиешеси бар экендиги аныкталды. Ал 85 миң сомду кайтарып берип жаткан учурда кылмыш үстүндө кармалган. Тергөө улантылууда.
Сүрөт: УКМК




