Чүй: мунай зат сактоочу жайдан чыккан өрттөн жабыркагандардын бири ооруканада көз жумду

  • 1 год мурун

Чүй облусунун Шопоков шаарындагы мунай зат сактоочу базада чыккан өрттөн жабыркаган төрт кишинин бири көз жумду. Бул тууралуу «Клооп» басылмасы Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип жазды.

20-июнда Сокулук районунун Шопоков шаарында мунай зат сакталуучу жайдан өрт чыгып, 4 адам жабыркаган. Алардын экөө үйүнө жиберилип, дагы экөө ооруканада дарыланып жаткан болчу. Каза болгон бейтап жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Тилсиз жоодо жабыркагандардан сырткары мунай куюлган алты цистерна, бензин ташуучу эки унаа жана төрт жеңил унаа күйүп кеткени маалымдалган. Чүй облустук милициясы «Өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушу» беренесинин негизинде иш козгогон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты