Чүй электр тармактар ишканасынын эки кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Чүй электр тармактары ишканасынын башчысынын орун басары жана инспектору кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, алар бир жыл бою электр энергиясын эсептөөчү шаймандарды айланып өтүү менен электр тармагына мыйзамсыз кошулуп, электр энергиясын пайдаланган абоненттен системалуу түрдө акча каражаттарын алып турушкан.

22-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүндө (пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй электр тармактар ишканасынын башчысынын орун басары С.Ж.Ж. жана инспектору С.А.С. кармалды.

Тергөө иштери улантылууда.

Чүй электр тармактар ишканасынын эки кызматкери кармалды

Сүрөттөр: УКМК

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты