Үч айда жол эрежесин бузгандардын айып пулу 119 миллион 276 миң сомду түздү

  • 1 год мурун

Үч ай ичинде 234 миң 303 жол эреже бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

2023-жылдын үч ай ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 234миң 303 жол эрежесин бузган айдоочулар аныкталып, 119 миллион 276 миң сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

Алардын ичинен:

-Авто унаа каражаттарын тийиштүү документтери жок башкаруу-3312;

-Мас абалында авто унаа каражатын башкаруу -3285;

-Белгиленген ылдамдыктан ашырып айдоо -29 912;

-Коопсуздук курун тагынбай унаа башкаруу-72 159;

-Терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу -905;

-Мамлекеттик номуру жок унаа башкаруу-101;

-Автоээнбаштык 91;

-Жол белгилерине баш ийбөө -88 544;

-Каршы тилкеге чыгуу-5384;

-Башка жол эрежелерин бузуулар -30 610.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 17 390 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты