Үч адамдын өлүмүнө шектелип кармалган жаран 16-апрелге чейин камакка алынды

  • 1 год мурун
Үч адамдын өлүмүнө шектелип кармалган жаран 16-апрелге чейин камакка алынды

Үч адамдын өлүмүнө шектелип кармалган жаран 16-апрелге чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 18-февралдагы чечими менен А.Ч. 16-апрелге чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Ал СИЗО-1ге камакка алынды.

16-февралда Бишкек шаарынын 5-кичи районунда адам өлтүрүү фактысы катталганы тууралуу кабар келип түшкөн. Милициянын тергөө ыкчам тобу кароо жүргүзүп, аталган даректе үч кишинин сөөгү табылган. Алар энеси, кызы жана уулу экени, алардын денесине оор залал келтирилгени аныкталган. Кароо учурунда адамдардын манжа тагы, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза Кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) кылмыш иши козголуп, шектүү катары Баткен облусунун 37 жаштагы тургуну А.Ч.К. кармалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты