CAFA Nations Cup 2023: Ирандын курамасы Кыргызстандын курамасын 5:1 эсебинде жеңип алды

  • 1 год мурун

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Ирандын футболчуларына 1:5 эсебинде утулуп калды.

Эки өлкөнүн курама командалары Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) улуттук турниринин алкагында кечээ, 16-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешти.

Атаандаштардын дарбазасына улуттук команданын жалгыз голун оюндун экинчи бөлүгүндө Мирлан Мурзаев киргизди.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы эми 3-орун үчүн беттешет. Оюн 20-июнда Ташкентте өтөт. Атаандаштары бүгүн Ташкентте өтө турчу Оман-Түркмөнстан жана Өзбекстан-Тажикстан оюнунун жыйынтыгында белгилүү болот.

Аталган турнирдин алкагында Кыргызстандын курамасы 10-июнда Ооганстан курамасы менен ойноп, 1:0 эсебинде жеңип алган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты