Cабаттуулуктун эл аралык күнү: Кыргызстандагы ата-эне жана мугалимдер үчүн 9 баалуу материал

Бүгүн, 8-сентябрда, дүйнө жүзү эл аралык сабаттуулулук күнүн белгилөөдө.

ЮНИСЕФтин 2021-жылга карата отчетуна ылайык, тилекке каршы, Кыргызстандагы балдардын үчтөн эки бөлүгүнө жакыны кичи жаш курактагы топтордун билим алууга жеткиликтүүлүгү кыйла жакшырганына карабастан дагы эле сабатсыз бойдон калууда. 7ден 14 жашка чейинки курактагы балдардын жарымынын математика жөндөмдөрү негизги деңгээлден жогору эмес, жана окуп түшүнүү жөндөмдөрү эң төмөн же такыр эле андай жөндөмдөргө ээ эмес. Башталгыч мектептерде 60% окуучунун текстти окуп, түшүнүү жөндөмдөрү кыйла төмөн.

Сабаттуулук деп биз эне тилинде окуп, жазып билгенди түшүнөбүз. Мектепке чейинки курак бул жөндөмдөрдүн калыптанышында абдан маанилүү келет, себеби баланын так ушу мезгилде алган билими анын мектептеги жетишкендиктеринин көрсөткүчү болмокчу. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2022-жылдын башына карата Кыргызстанда мектепке чейинки курактагы балдардын саны 1 миллионду түзгөн.

“Сорос-Кыргызстан” фонду 30 жылдык ишмердүүлүгү аралыгында билим берүүчү демилгелерди, уюмдарды жана КР Билим берүү министрлигин ар кыл усулдук жана колдонмо материалдарды иштеп чыгуусунда активдүү колдоп келди. Билим берүүдөгү инклюзивдүү окутуунун мыкты тажрыйбаларын кийрүүгө жана көп тилдүүлүктү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Эл аралык сабаттуулук күнүнө карата "Сорос-Кыргызстан" фондунун командасы мектепке чейинки курактагы жана башталгыч класстардагы балдар менен иш алып баруу үчүн материалдарды (кыргыз жана орус тилдеринде) даярдады.

1. Мектепке бирге. Мультимаданияттуу коомдун шартында билим берүүчү чөйрөдөгү мугалимдер үчүн колдонмо. Кыргыз тилинде. https://soros.kg/wp-content/uploads/2019/08/vmeste-v-shkolu_kg.pdf

Орус тилинде: https://soros.kg/wp-content/uploads/2019/08/vmeste-v-shkolu-rus.pdf

2. Ата-энелердин балдар менен иш алып баруусу үчүн материалдар https://soros.kg/wp-content/uploads/2021/04/materials-for-parents-work-with-children.pdf

3. Балдар бакчасындагы көп тилдүүлүк. Көп тилдүү билим берүү программаларында мектепке чейинки курактагы балдар менен иш уюштуруу боюнча усулдук сунуштамалар https://soros.kg/wp-content/uploads/2021/04/mnogoyaz_detsad.pdf

4. Кыргыз тили башталгыч мектептердин сабагында https://soros.kg/wp-content/uploads/2021/03/kyrgyz-tili-obrazov-prog.pdf5. Жалпы башталгыч билим берүүнүн 1-2-класстардын Кыргыз тили боюнча жекече мамиле кылуу механизми менен предметтик программаларына дидактикалык куралдар Инклюзивдик класстарда колдонуу үчүн

6. Туура так сүйлөө https://soros.kg/wp-content/uploads/2021/03/logoped-kyrg-obrazov.pdf

7. Жалпы башталгыч билим берүүнүн 3-4-класстардын Кыргыз тили боюнча жекече мамиле кылуу механизми менен предметтик программаларына дидактикалык куралдар https://soros.kg/wp-content/uploads/2021/03/albom-kyrg-inkluziv-obrazovanie-3-4-klassy.pdf

8. Жалпы башталгыч билим берүүнүн 1-2-класстардын Табият тануу, Мекен тануу боюнча жекече мамиле кылуу механизми менен предметтик программаларына дидактикалык куралдар. https://soros.kg/wp-content/uploads/2021/03/albom-rodinoved-inkluziv-obrazov.pdf

9. Жалпы башталгыч билим берүүнүн 1-2-класстардын Математика боюнча жекече мамиле кылуу механизми менен предметтик программаларына дидактикалык куралдар. https://soros.kg/wp-content/uploads/2021/03/albom-matem-inkluz-obrazov.pdf.

Сүрөт: «Сорос-Кыргызстан». фондунун басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты