Cүлүктүдө интимдик кызмат көрсөткөнгө шектелген кыздар кармалды

  • 3 месяца мурун

Интимдик кызмат көрсөтүү, уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«16-апрель күнү Кылмыш жаза кодексинин 160-беренесинде (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, саатына 100 доллар өлчөмүндө акчалай акыга интимдик кызмат көрсөткөн кыздар аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Лейлек районунун 19 жаштагы жана 21 жаштагы тургундары аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Жогорудагы кыздар Раззаков шаарында жашыруун өздөрүнө ишеничтүү болгон атуулдардан буюртмаларды алып, интимдик кызматын көрсөтүп жүрүшкөн», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты