Былтыркы жылы салык декларациясын 640 миң жаран тапшырды

  • 1 год мурун

Былтыркы жылы салык декларациясын 640 миң жаран тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Анын ичинен 583 миң 770 декларация электрондук түрдө тапшырды.

Бул өткөн жылга салыштырмалуу 131 миң 322 декларацияга көп.

Декларацияны 52 миң 978 уюм, 197 миң 609 жеке ишкер, 325 миң 740 жеке жак, 64 миң 663 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тапшырды.

Эскерте кетсек, декларациялык кампания үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 1-апрелге чейин – юридикалык жактар жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн жана 1-майга чейин – жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн өткөрүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты