Былтыр жол кырсыктарынан улам 900 адам каза болду
- 5 месяцев мурун
Былтыр, 2025-жылы Кыргызстанда жол кырсыктарынын кесепетинен 900 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кайгуул милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыктарынын көп катталышына ылдамдыкты ашыруу, жол эрежелерин сактабоо жана мас абалында унаа башкаруу себеп болууда.
Ушуга байланыштуу милиция айдоочуларды сабырдуу болууга, жол белгилерине баш ийүүгө, каршы тилкеге чыкпоого жана жөө жүргүнчүлөргө жол берүүгө чакырды. Ошондой эле ата-энелерге жашы жете электерге унаа бербөө эскертилди.
Муну бөлүшүү




