Былтыр Казакстанда камкордуксуз калган 5 кыргызстандык бала мекенине кайтарылган

  • 2 года мурун

Былтыр Казакстанда камкордуксуз калган 5 кыргызстандык бала мекенине кайтарылган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Казакстанда турмуштук оор кырдаалга кабылган 30 жаранды Кыргызстанга кайтаруу иштери жүрдү. Алардын ичинен айрымдарынын жанында документтери жок болгондугуна байланыштуу дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кайрыла алышкан эмес. Кайрылгандардын баарына консультациялык жардам көрсөтүлүп, зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып келүү үчүн документтер берилген.

Ошондой эле, Башкы консулдук Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен биргеликте Казакстандын аймагында камкордуксуз калган 5 баланы Кыргызстанга кайтарган

Башкы консулдук тарабынан Казактан Республикасынын аймагында турмуштук оор кырдаалга кабылган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштер улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты