Былтыр абакта 33 адам каза болду

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиевден 2023-жылы абакта канча адам каза болгонун сурады.

Аскат Эгембердиевдин айтымында, былтыр Жаза аткаруу кызматынын мекемелеринде 33 адам каза болгон. «Алар ар кандай оорулардан улам каза болушту. Өткөн жылдарга караганда төмөндөтүү динамикасы көрүнүп турат. Биз азыр Саламаттыкты сактоо министрлиги менен иштешип жатабыз. Былтыр 300гө жакын соттолгондорду Саламаттыкты сактоо министрлигинин мекемелерине жаткырып, текшерүүдөн өткөрдүк», — деди Эгембердиев.

Бекешев канчасы асынып каза болгонун сурады.

«5 суицид болду. Жалпы дүйнөлүк практика менен караганда бул биздин өлкөлөрдөгү эле көрүнүш эмес. Өнүккөн өлкөлөрдө дагы мындай көрүнүш бар. Бул боюнча тергөө иш-чаралар жүргүзүлөт», — дейт Эгембердиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты