Былтыр 2 судья мыйзамды бузгандыгы үчүн кызматынан бошотулуп, 7 судья тартип жоопкерчилигине тартылган

  • 1 год мурун

Бүгүн, 4-мартта президент Садыр Жапаров өлкөнүн сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«2022-жылы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин дарегине келип түшкөн кайрылуу, даттанууларды талдоонун жыйынтыгы менен 17 судья тартип жоопкерчилигине тартылып, мыйзамды бузгандыгы үчүн 2 судья кызматынан бошотулуп, 2 судьяга карата кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Башкы прокуратурага макулдук берилгени маалым. 

Дагы бир кейиштүү нерсе, биздин соттордо көптөгөн иштер айлап, кээ бир учурларда жылдап каралаары баарыбызга белгилүү. Айрым судьялар тарабынан кымбат баалуу кыймылсыз мүлк объектилери боюнча белгилүү бир тараптардын пайдасына багытталган чечимдер чыгарылганы тууралуу фактылар аныкталып жатат. Мындай мыйзамга каршы келген чечимдерди токтотпосок, алардын кесепети элдин тагдырына, жалпы өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, келечек муундун коопсуздугуна терс таасирин тийгизери турган иш! Биз мындай көрүнүштөргө чекит коюшубуз керек! 

Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай, сот тутумунда кадр саясаты толугу менен жакшы жолго коюла элек. 

Сот тутумундагы кызмат орундарына сабатсыз жана таза эмес адамдардын дайындалышына бөгөт коюу максатында Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерин так аткарып, жеке кызыкчылыктарды көздөөдөн алыс болуу менен коррупциялык көрүнүштөрдөн оолак болуусу шарт. 

Эгерде андай көрүнүштөр аныкталса, сөзсүз чара көрүлөт! 

Албетте, баарыӊарды жаман дегенден алысмын, бирок силердин катарыңарда сот деген ардактуу наамга татыктуу болбогон кызматкерлер жок эмес. Булардан сырткары, коомчулукта нааразычылык жараткан көйгөйлүү маселелер аз эмес. Алардын себептерин талдап, аныктап жана жоюу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш. 

Сот адилеттигин ишке ашыруудагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу — эң маанилүү иштердин бири. Санариптештирүү иштеринин алкагында даярдалып жаткан программалар чыныгы ачык-айкындуулукту камсыз кылып, жарандардын, ишкерлердин талаптарына жооп бергидей заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүп бериши зарыл. 

Санариптештирүү иштери өлкөдөгү бардык мамлекеттик органдарда бирдей жүргүзүлүп, өз ара байланыш тутумдары ишке киргенде гана толук кандуу жемишин бере баштайт. 

Бул багытта аткарылып жаткан иштерди ыкчамдатуу, эл аралык донорлордун жана мамлекеттин сарптап жаткан акча каражаттарынын ар бир сомунун натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча ар дайым айтып келем. 

Сот тутумунун ишмердүүлүгү өлкөбүздүн экономикалык, социалдык тармактарындагы абалга таасири зор экенин дагы бир ирет баса белгилейм. Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун „Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот“ деген осуят сөздөрү ар бирибиздин, айрыкча, судьялардын жүрөгүндө бекем сактылышы керек.

Мына бүгүнкү күндө кыргыз сот тутумунун жүзү болуп, элге ак ниет кызмат кылган судьяларга, сот кызматкерлерине жана сот тутумунун ардагерлерине ыраазычылык билдирем», — деди президент. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты