Быйылкы жылга ажылыкка Кыргызстанга 6 миң квота бөлүндү

  • 2 года мурун
Быйылкы жылга ажылыкка Кыргызстанга 6 миң квота бөлүндү

Быйылкы жылга ажылыкка Кыргызстанга 6 миң квота бөлүндү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Замир Ракиев Сауд Арабиясынын ажылык министринин орун басары Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушту. Алар 2022-жылдагы ажылык сапарын талкуулашып, андагы жетишкендиктерге токтолушту. Ажылык министринин орун басары Кыргызстан 2022-жылы ажылыкты жакшы уюштургандыгын белгилеп, быйылкы жылы дагы бардык талаптар аткарылат деген тилектештигин айтты.

Тараптар андан соң 2023-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшуп, Ажылык министрлиги Кыргызстанга 6 миң квота берилгендигин билдирди. Муну менен катар ажылык министринин орун басары эгерде COVID-19 сыяктуу жугуштуу оорулар чыга турган болсо квота кыскартылып, чектөөлөр кирип калуусу мүмкүн экендигин эскертти.

Эскерте кетсек, 2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4 миң 313 жаран кезекте турат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты