Быйылкы жылдагы ажылык сапарына каттоо 24-январдан тарта башталат

  • 2 года мурун

Быйылкы жылдагы ажылык сапарына каттоо 24-январдан тарта башталат . Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылга ажылыкка Кыргызстанга 6 миң квота бөлүнгөн.

«2019-2022-жылдардан тарта электрондук кезекте турган ажылык сапарына баруучу талапкерлер 1 миң доллар 2023-жылдын 24-январынан 14-февраль, РСК банкынын иш убактысы бүткөнгө чейин төлөп, КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук Хатибияттарга, РСК Банкына төлөнгөн алдын ала (баштапкы) 1 миң долларынын квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшырууга милдеттүү.

2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер төлөө мөөнөтүнүн ичинде 1 миң долларды төлөй албай калса ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарылат. Ал эми 2023-жылы жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-март, РСК банкынын иш убактысы бүткөнгө чейин жүргүзүлөт.

Жаңы талапкерлер 1 миң доллар жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөп, КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук Хатибияттарга, РСК Банкына төлөнгөн алгачкы 1 миң доллар квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Талапкерлер 1 миң доллар жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты