Быйыл Ысык-Көлгө 1 миллион 300 миң турист келип эс алды

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 1-декабрда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Ысык-Көл облусунда жайгашкан эс алуу үйлөрүнүн ээлери менен жайкы туристтик сезондун жыйынтыгын талкууланды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Облус жетекчисинин маалыматында, быйыл Ысык-Көл облусуна 1 миллион 300 миң турист келип эс алган. «Биздин аймактагы туристтердин саны өсүп жатканын байкалууда, андыктан биз дагы кызмат көрсөтүүнү жогоруу деңгээлге чыгарышыбыз керек. Негизги маселе бул экологияны коргоо жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп эсептелет. Бул багытта бардыгыбыз биргеликте иш алып баруубуз зарыл», — деп белгиледи облус жетекчиси.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты