Быйыл Транспорт жана коммуникациялар министрлигине бюджеттен 18,7 млрд сом бөлүнөт

  • 1 год мурун

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 2023-жылга республикалык бюджеттен 18,7 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен:

— 2,3 млрд – учурдагы бюджеттик каражаттар;

— 1 млрд – «капиталдык салымдар» беренеси боюнча каралган каражаттар;

— 12,2 млрд сом – «мамлекеттик инвестициялар» линиясы боюнча каралган каражаттар;

— 3,2 млрд сом – Жол фондунун болжолдонгон кирешеси.

2023-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 2,4 миллиард сом каржыланган.

Алар:

— учурдагы бюджеттик каражаттар 1,4 млрд сом;

— «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 216,1 млн сом;

— «мамлекеттик инвестициялар» линиясы боюнча 727,3 млн сом (алдын ала өздөштүрүлгөн).

Белгилей кетсек, ашуулардагы аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу бийик тоолуу райондордогу жолдорду тазалоо жана автотранспорттордун үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу максатыныда каржылоо уюштурулуп, тез арада 50 млн сом суммасында каржылоо ачылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты