Быйыл тогуз айда жайыттан 117 млн салык чогултулду

  • 2 года мурун

2022-жылдын 9 айында жайыттан 117 млн 464 миң 523 сом жыйым чогултулду. Бул тууралуу Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору Жаныбек Керималиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул өткөн жылдын 9 айына карата 33 млн 467 миң 924 сомго көп, же план 140%га ашыгы менен аткарылды.

Кыргызстанда 9 млн гектардан ашык жайыт жер бар. Анын 1,6 млн гектардан ашыгын отоо чөп баскан. Ал эми республика боюнча жайытка чыккан малдын жалпы саны 5 млн 477 миң 78 башты түзөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты